Мария Шараповага карата тергөө башталды

Мария Шараповага карата тергөө башталды
24-Ноя. 2017, Жума, 14:14

Индиянын полициясы орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шараповага элита турак-жай комплексин курууга катышкан алдамчылык иштери боюнча тергөө баштатты.

AFP агентчилигин маалыматына караганда Индия полициясынын өкүлү Арвинд Шарма Мария Шараповага алдамчылык боюнча тергөө жүргүзүүгө соттун көрсөтмөсү бар экендигин билдирген. Шарапова 2012-жылы атайын Индияга келип, турак-жай комлексинин курулушунун жарнак акцияларына катышкан. Бул курулушта тик учак аянтты, элиталык клуб жана теннис акадамиясы ачылмак. “Ballet by Sharapova” атындагы ири курулуш 2016-жылы бүткөрүлүүгө тийиш эле. Курулуш алуучулардын акчалары топтолгондон кийин токтоп калган. Курулушка 1,5 миң кишиден каражаттар алдын-ала алынгандыгы айтылууда.

"Форбс" журналы белгилүү теннисчи Мария Шарапова 2015-жылы 30 миллион доллар киреше тапкандыгын жана анын 23 миллион доллары жарнактар аркылуу келгендигин жазышкан. Спортчунун кирешелери 2016-жылы допинг чырынан кийин төмөндөп кеткен.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!