Аймактардагы оорунун көрсөткүчү аныкталат

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:21

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) тарабынан 10 медициналык мекемелерге техникалык жабдуулар тапшырылды.

Аталган департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаеванын айтымында, техникалар ооруканалар электрондук базага өткөндүгүнө байланыштуу аталган жабдуулар тапшырылды.

“ДСУ тарабынан 1 сервер, 10 компьютер, 10 принтер, 2 желдеткич берилди. Алар өлкөнүн 10 ооруканасына жеткирилет. Алар: Ош, Чүй жана Бишкектеги республикалык клиникалык жугуштуу ооруларды алдын алуу ооруканасы. Бул техниканын жардамы менен Кыргызстанда катталган сасык тумоо, курч кармаган вирусттук инфекциялык (КРВИ) жана жугуштуу оорулардын көрсөткүчү тууралуу маалыматты электрондук базага сактоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Учурда 2015-жылдан берки аталган оорулардын көрсөткүчү базага сактоо каралууда. Муну менен кайсыл жылы оорунун көрсөткүчү канча пайызды түзгөнүн, кимдер көп ооруп жатканын, аймактардагы оорунун көрсөткүч менен кабардар болмокчубуз”,-деди Оторбаева.

Министрликтен билдиришкендей, учурда электрондук базанын ишке ашырууда аймактардан келген дарыгерлер окуудан өтүшүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!