​Ысык-Көлдө гашиш баңгизаты алынды

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 16:28

Ысык-Көл облусунда колуна гашиш баңгизатын көтөрүп жүргөн жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү ИИМнин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча кызматкерлери жана Түндүк бажы кызматынын кинологдору Түп районунун Михайловка айылында ыкчам-иликтөө иштерин өткөрүшкөн. Анын негизинде 40-жаштагы А. Нурдин аттуу жергиликтүү тургунду өздүк кароо жүргүзүү мезгилинде, колунда көтөрүп жүргөн пакетинин ичинен 520 грамм салмактагы гашиш баңгизаты табылып алынган.

Кармалган адамдын өздүгүн аныктоодо, ал мурда каракчылык кылмышын жасагандыгы үчүн соттолгондугу белгилүү болгон. Аныкталган баңгикылмышы боюнча Түп РИИБнин тергөө кызматы тарабынан иши козголуп, шектүү катары кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!