Эт сатуучу дүкөндү сүзүп каза тапты

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 14:41

Кадамжай районундагы жол кырсык 3 адам өмүрүн алды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда саат 23:45 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 87-чакырымында Кадамжай районунун 33 жаштагы тургуну унаасын башкара албай бетон тосмону, кийин эт сатуучу дүкөндү сүзүп унаасы оодарылып калган. Унаанын ичинде 67 жаштагы апасы, 30 жаштагы жубайы, 3 жашар кызы Т.А. жана 76 жаштагы А.С., 56 жаштагы С.А. аттуу туугандары болгон. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу, анын апасы жана 76 жаштагы таежеси алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумушкан. Ал эми айдоочунун жубайы, 3 жашар кызы жана бир тууганы ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Учурда кырсык боюнча керектүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!