Абактан кутулууга 1 млн евро төлөдү

Абактан кутулууга 1 млн евро төлөдү
12-Янв. 2018, Жума, 13:50

«Реа́лдын» жарым коргоочусу Лука Модрич Испаниянын казынасына 1 миллион евро төлөдү. Бул сумма атактуу футболчуга кирешелерин жашыргандыгы үчүн жаза алуудан куткарат. Өткөн жылдын ноябрь айында “Реалдын” коргоочусу кошумча каражаттарын жашырып, салык төлөөндөн качкандыгы үчүн айып тагылган. Соттун чечими боюнча Модрич мамлекеттен 870 миң евро жашырып калган. Атактуу футболчуга расмий айып жарыялангандан кийин Модрич өз күнөөсүн моюнга алып, 870 миң евронун ордуна 1 миллион евро төлөдү.

Эсиңиздерге сала кетсек Лука Модрич 2012-жылы "Реал Мадрит" клубу менен 5 жылгы келишим түзгөн. Анын өзгөчөлүгү оң буту сыяктуу сол буту менен дагы ойной алат. Ошондуктан айрыкча жаза учурунда дайыма күчтүү соккулары менен гол киргизип келет.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!