Россия грин-карт киргизгенге даярданууда

4-Май 2017, Бейшемби

“Мекендештер картасы” (Карта соотечественника) орус тилдүү чет элдиктердин Россияда жашоосуна жана иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Россиянын Байланыш жана коммуникация министрлиги “Санариптик экономика” долбоорунун алкагында 2019-жылы Россиянын грин-картасын ишке киргизүүнү сунуштады. Аталган карта жогорку квалификациялуу чет элдиктерге, орус тилинде эркин сүйлөгөндөргө өлкөнүн аймагына кирүүгө, иштөөгө мүмкүнчүлүк түзөт. Документ май майрамдарынын алдында Каржы, Тышкы жана Ички иштер министрлигинин кароосуна жөнөтүлгөн.

“Санариптик экономика” программасы бир нече бөлүмдөрдөн турат. “Чет жактарда жүргөн россиялыктарды жана чет элдиктерди тартуу” бөлүмүндө 2019-жылы Россиянын “Мекендештер картасын” пайдаланууга киргизүү сунушталган.

Интернет-омбудсмен Дмитрий Мариничев аталган долбоор Россия үчүн пайдалуу экендигин айтты.

“Бир нече жыл мурда киргизгенде натыйжалуу болмок. АКШда каржылык кризис болуп турганда көптөгөн кызматкерлер көчүп келүүгө жана иштөөгө даяр турушкан. Дал ошол мезгилдерде мындай программаны ишке ашыруу зарыл болчу”,-дейт Дмитрий Мариничев.

Бул сыяктуу программалар көптөгөн мамлекеттерде ишке ашырылган. Маселен, Польшада мындай долбоор маданияты жакын өлкөлөрдөн мигранттарды тартууга багытталган. Аталган өлкөнүн картасын алгандар узак мөөнөттүү виза, кошумча докуметтери жок кирип-чыгуу укугуна ээ. Ошондой эле аларга атайын уруксат албастан ишкерлик менен алектенүүгө, маданий жайларга бекер кирүүгө, акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк берилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!