АКШнын Кентуки штатында бир эне баласын 2 миң долларга сатууга шектелүүдө.
“CNN US” каналынын маалыматына караганда полиция Паркер Беннетт Карри башталгыч мектебинин жетекчилери бир аял баласын сатууга аркеттенгенин айткандан кийин 31 жаштагы Мария Доминго-Перез менен байланышка чыкты.
Полициянын каттоосунда Мария Доминго-Перез башында түшүнүксүз нерселерди айтса, кийин баланы акчага сатканын мойнуна алды.
37 жаштагы Катарина Хосе Фелипе жана 45 жаштагы Хосе Мануэль Паскуаль детективдерге балага 2 миң доллар төлөшкөнүн айтты. Эне жана бул жубайлар окуяга байланыштуу камакка алынды. Сатылган баланын жашы айтыла элек.