100 миң бычактан скульптура жасалды

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Долбоордун автору Альфи Рэдли бычактардан скульптура жасоо үчүн эки жыл даярданган. Ага Англия жана Уэльс боюнча кылмыштарда колдонулган бычактар керектелген.

Муздак куралдар полиция бөлүмдөрүнөн жана Шропширдеги “Жашоону куткар, бычагыңды тапшыр” анонимдүү программасын киргизген металлды кайра иштетүүчү борбордон алынган. Ар бир бычак биологиялык материалдан тазаланып, мокотулган.

Альфи Рэдли бүтүп калган периштенин скульптурасын Лондондогу Трафальгар аянтына орнотуу боюнча өкмөткө арыз менен кайрылды. “Change.org” сайтында бул планды колдоо боюнча кол топтолууда. Ага алты миңден ашык адам кол койгону белгилүү болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!