Болбосо ал жак эл жашабаган, ээн аралга айланат.
Франция бийлиги Бретань аймагынын жээгиндеги чакан Кеменес аралына жашай турган үй-бүлөлөрдү издөөдө. Жээкти көзөмөлдөгөн франциялык “Conservatoire du Littoral” агенттиги мындай адаттан тыш тажрыйбага ыктыярчылар чыгарына үмүттөнүүдө.
Жер кыртышы кум жана таштан турган Кеменес аралында тюллендер, деңиз чымчыктары, коендор жашайт. Ал жакта бир гана адамдар жетишпейт.
Кеменесте 1000 жыл бою эл жашаган болсо, мындан 25 жыл мурда тургундар көчүп кеткен.
Көптөрү “Conservatoire du Littoral” агенттиги бул жакка корук курарын болжолдошкон. Бирок алар аралчага ферма уюштуруп, буга чейин жашаган үй-бүлөнүн ишин улантууну каалады. Андан улам ал жакка жайгашууну каалаган, чарба менен алектене турган ыктыярчыларга издөө салган.
2007-жылы Давид жана Суазик Кюиснье үй-бүлөсү мындай иштерди аткарууга, жалгыз жашап, чарбаны өнүктүрүүнү чечкен. 10 жыл аралыгында алар Клоэ жана Жюлем аттуу эки балалуу болушкан жана акыры аралдан кетүүнүн чечкен.
Ортодо “Conservatoire du Littoral” агенттиги менен ижара боюнча маселе жаралган жана балдарын мектепке киргизүүнү туура көрүшкөн.
Алардын ордун толуктай тургандардын арыздары кабыл алынды. Учурда бийлик 20 талапкердин ичинен бул сунушка олуттуу карагандарды тандоодо.
Тандалгандар ал жакта жашоо тууралуу келерки апталарда билишет. Ал эми аралга 2018-жылдын баштарында көчүрүлөт.
Давид жана Суазик "10 жыл мурда тааныштарыбыздын кеңешин укканда ал жакка эч качан бармак эмеспиз" дешкен. “Ал жакка барып акылсыздык кылдык. Бирок бул жакшы окуя болду. Фермада ишкерлик ийгиликтүү болду. Балдарыбыз чоңойду. Булар унутулгус”,- деген алар.
“Conservatoire du Littoral” келишиминде башкы шарттардын бири үй-бүлө керектөөлөрү үчүн өздөрү иштеши керек болгон. Анткен менен үй-бүлө чарбасын кеңейткенге жетишкен. "Мона Лиза" сортундагы катошканы өстүрүп Интернет аркылуу саткан. Почта аркылуу коңшу Молен аралына жиберишкен. Жылдын алты айында туристтерди кабыл алышкан. Ал жакта жашаган койлордон багышкан жана жегенге жарактуу деңиз деңиз өсүмдүктөрүн чогултушкан.
Электр тогун шамал жана күн батареясы өндүрсө, сууну кудуктан алып ичишкен.
“Биз жаратылыштын белеги менен нормалдуу, заманга ылайык жашоого болорун билдик. Бизге зарыл болгон гаджеттерибиз да болду”,-деген Давид Кюиснье.
Алар туш болгон жана чечилбеген маселе бул француздардын мыйзамы болду. Аралдагы суу “potable” же ичкенге жарактуу эмес, расмий түрдө “buvable” же жарактуу деп табылган. Башкача айтканда эки сөз тең суу ичүүгө жарактуу дегенди билдирет. Бирок “potable” классификациясы болбогон суулардан тамак-аштарды даярдаганга болбойт. Андан улам акыры алардын деңиз өсүмдүктөрүнөн азык-түлүк өндүргөн фабрика куруу идеясы ишке ашпай калган.