Бир стакан ысык суу ичүү

3-Окт. 2017, Шейшемби, 10:31

Сиз эртең менен бир стакан ысык суу ичүү аркылуу ичеги-карын жолдорун тазалай аласыз. Себеби ысык суу организмдеги баардык ашыкча заттардан кутулууга жардам берет. Ошону менен бирге, уйкуңузду ачып, өзгөчө күч-кубат тартуулоочу касиетке ээ. Аны эртең менен тамак ичээрден 20-30 мүнөт мурда колдонгонуңуз туура.

40-50 градуста кайнаган ысык сууга бир чай кашык бал кошуп ичүүгө да болот. Анын пайдалуулугун көп өтпөй өзүңүз көз жеткиресиз. Анткени бал кошулмасы жок, жеке өзү эч качан бузулбай турган азыктардын бири. Ага кошо ашказанды тазалап, организмди жашартасыз. Бир стакан ысык суу сизге бир күнгө толук жетүүчү энергия менен кайраттуулук тартуулайт.

Эртең менен бал кошулган суу ичүүнүн бир нече себебин сунуштайбыз:

- организмди тазалоого жардам берет;

- сиңирүү жолдорун жакшыртат;

- боорду калыбына келтирет.

Сууга каалооңузга жараша лимон ширесин да кошууга болот:

- лимон ширесинин курамында калий көп кездешет. Ал организмге гана пайда алып келбей, стресске учураган кезде да жардам берет;

- лимон ширеси кан басымдын көтөрүлүүсүнө жол бербейт.

Чет элдик окумуштуулар кандай да болбосун бул нерсени адатка айландыруу үчүн 21 күн жеткиликтүү болоорун айтышат. Ал эми сиз бир стакан кайнаган сууну ичүүнү бүгүндөн баштаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!