Дүйнөлүк банк: 1 миллиарддан ашык адамдын күбөлүгү жок

23-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 15:58

Дүйнөлүк банктын изилдөөлөрүнө караганда дүйнө жүзүндө 1.1 миллиардан ашык адамдын күбөлүгү жок. Бул көйгөй өзгөчө калктын саламаттык жана билим берүү кызматтарынан куру калуусуна түрткү болот.

Дүйнөлүк банктын "Өнүгүү үчүн өздүгүн аныктоо” (ID4D – Identification for Development) программасы жарыялаган билдирүүдө өзгөчө Африка жана Азияда жашаган катоосуз ар бир үч баланын бирөө зомбулукка кабылышы мүмкүн экени эскертилет. Мындай көйгөй өзгөчө жокчулук, басмырлоо, эпидемиялар жана куралдуу кагылышуулар менен күрөшүп жаткан аймактарда орчундуу. ID4D программасынын директору бул маселенин бир топ себеби бар экендигин, бирок эң татаалы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө адамдар менен мамлекеттик кызматтардын ортосундагы аралык экендигин айтты.

Мисалы Перунун мурдагы Өнүгүү министри Каролина Тривеллинин айтымында Перудагы Амазон аймагында жашаган коомчулуктардын эң жакынкы мамлекеттик мекемелерге баруусуна беш күн кетет. Бирок ал санариптик технологиялар бул көйгөйдү чечүүгө бираз да болсо пайда берип жатканын билдирген. “Технологиянын өнүгүшү менен бардык жерде биометрикалык маалыматтарын алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат”,-деген.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн маанисинен маалыматы болбогондуктан дүйнө жүзүндө 1.1 миллиарддан ашуун адам эң негизги укуктардан пайдалана алышпайт. Андан улам жашы жете электе үй-бүлө куруу же жашы жете электе иштеп калуу ыктымалдыгы бар. Африка жана Азияда миллиондогон мектеп жашындагы балдардын ансыз да мамлекеттик мекемелерде катоосу жок.

2005-жылы “Ар бир бала маанилүү” өнөктүгүн баштаган жарандык “Plan International” уюму долбоорун баштагандан бери 32 түрдүү мамлекетте 40 миллиондон ашык бала системага киргизилген. Аталган уюм иштеп чыккан санариптик стратегиянын алкагында айыл кыштактардын башчылары мобилдик тиркемелерди жүктөп, мамлекеттик мекемелерге өз аймактарындагы төрөт жана өлүмдүн саны тууралуу билдирип турушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!