Нарында ӨКМге курулган үй талапка жооп бербейт

25-Окт. 2017, Шаршемби, 17:17

Нарын шаарындагы Өзгөчө кырдалдар министирлигинин кызматкерлерине курулуп жаткан 24 батирлүү үй техникалык коопсуздукка жооп бербейт. Бул туурасында Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Нарын облусу боюнча инспекторлорунун текшерүүсүнүн натыйжасында маалым болду.

Тагыраак айтканда “Эко-Строй-Сервис” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан курулуш энергетикалык, өрт көзөмөлү жана жумушчулардын эмгек коопсуздугу сакталбай курулуп баштаган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 211-беренесиндеги талаптар сакталбагандыгы үчүн курулуштун прорабы Азамат Самидиновго жеринен протокол түзүлүп 7500 сом административдик айып салынып, толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү.

Андан сырткары келтирилген кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча бир ай мөөнөт берилди. Коюлган талаптар өз учурунда аткарылбаса, курулушту жүргүзүү токтотулуп иш сотко өтөт.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!