ЮНИСЕФ: Аракандык балдар кыйын кырдаалда күн көрүүдө

21-Окт. 2017, Ишемби, 15:56

ЮНИСЕФ жарыялаган рапортто Бангладешке качкан 600 миң аракандык мусулмандардын жарымынан көбү балдардан турары, аталган уюмдун жетекчилеринин бири балдар “жер үстүндөгү тозокто” жашап жатканын айтканы баса белгиленген.

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Балдарга жардам берүү фонду (ЮНИСЕФ) Женевада өтө турган рохинжа мусулмандарына жардам конференциясынын алдында жарыялаган билдирүү аркылуу жалпы дүйнөдөгү өкмөттөргө кайрылды.

Анда ЮНИСЕФ Мьянманын Аракан аймагындагы зомбулуктан улам Бангладешке качкан 600 миң мусулмандын 58 пайызы балдар экенин, алар кыйынчылык күндө жашап жатканы баса белгиленен.

Билдирүүнү даярдаган уюмдун адиси Симон Ингрэм Бангладештеги качкындар лагеринде ар бир беш баланын бирөө жетиштүү тамак аш менен камсыз болбогонун белгилеген.

Женевадагы маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Ингрэм балдар жашаган шарт өтө оор экенин айтты. ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Энтони Лэйк рапортко байланыштуу билдирүүсүндө “Бир топ рохинжалык качкындардын балдары бир да бала көрбөшү керек болгон кыйноого, кыйын күнгө туш болду”,-деп жазган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!