“Facebook” экранды экиге бөлөт

25-Окт. 2017, Шаршемби, 14:38

“Facebook” жаңылыктары алты өлкөдө эки жаңы мүмкүнчүлүктөр менен сынактан өткөрүлүүдө.

Социалдык медианын алпы болгон “Facebook” колдонуучуларынын адаттарын өзгөртө турган функциянын үстүндө иш алып барууда.

Жаңы мүмкүнчүлүк аркылуу колдонуучулар көргөн кабарлардын агымы достор тизмегинен жана жактырган маалыматтардан келген жаңылыктар болуп экиге бөлүнөт.

“Facebook”тун “Кабарлар агымы” экиге бөлүнгөндөн кийин “Facebook”дагы аккаунттар “Facebook”ка төлөөгө мажбур болушат.

Бул жаңы функция азыркы учурда Боливия, Камбоджа, Гватемала, Сербия, Словакия жана Шри-Ланкада сынактан өтүүдө.

Бирок бул функция “Facebook” желесине качан кирери расмий маалымдала элек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!