Мунай биржаларында мунайдын баасы жогорулады. Бул тууралуу Лондон жана Нью-Йорк биржалары билдирди.
Лондон биржасындагы мунай соодаларынын жыйынтыгында мунайдын наркы 0,34 долларга жогорулап, бир баррели 55,24 долларга бааланды.
Ал эми Нью-Йорк биржасында мунай соодаларынын жыйынтыгында мунайдын баасы 0,54 долларга жогорулап, бир баррель 52,24 долларга бааланган.