Экономика мигранттардын эсебинен өсүүдө

11-Ноя. 2017, Ишемби, 13:22

Кыргызстандын экономикасынын калыптанышына эмгек мигранттарынын которгон каражаттары чоң түрткү болууда. Мындай маалымат 26-октябрдан 8-ноябрга чейин Бишкекте болгон Эл аралык валюта фондунун миссиясынын билдирүүсүндө айтылган.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын экономикасынын калыптанышы көпчүлүк учурда эмгек мигранттарынын которгон каражаттарынын көлөмүнүн жогорулоосунун эсебинен болуп жатат. Мигранттардан келген каражаттардын эсебинен алардын жакындарында көп товар сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай жол менен атамекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясына болгон суроо-талап калыбына келип жатат.

Бирок экономиканын мындай өсүүсү чабалдык кылат, муну өлкөнүн расмий кызматтары да моюндарына алаарын фонддун серепчилери билдирген. Мындай кетенчиктөө бюджеттин бекем болушуна олуттуу тобокелдикти жаратат, андыктан кырдаалды ыкчам жөнгө салуу керектигин кошумчалап кетишкен.

Ал эми ишкердикти ички насыялоо жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердиги экономиканын калыптанышына жагымдуу таасир берип жаткандыгы айтылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!