​Чек арадагы кырдаал ДСУда каралды

11-Ноя. 2017, Ишемби, 11:36

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал Швейцариянын Женева шаарында Дүйнөлүк соода уюумунун жыйынында каралды. Бул тууралуу Кыргызстандын Женевадагы туруктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаковдун жетекчилиги астында Кыргызстандын өкүлчүлүгү Дүйнөлүк соода уюумунун Товар соодасы боюнча кеңешинин жыйынына катышты.

Кыргызстандын өтүнүчү менен Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал өзүнчө пункт менен иш чаранын күн тартибине киргизилген.

Кыргызстандан барган өкүлдөр жыйындын катышуучуларына чек арада түзүлгөн абал тууралуу маалымат берди. Анда казак тарап өз аймагы аркылуу өтүүчү Кыргызстандын жүк ташуучуларына жасалма тоскоолдуктарды жаратып жаткандыгын белгиледи. Коңшу өлкөнүн мындай аракети Кыргызстанга кирип же чыгып жаткан жүктөргө гана жасалып жаткандыгы айтылды. Казакстан Дүйнөлүк соода уюумунун эркин транзит жана дискриминациялабоо принциптерин бузуп жаткандыгы баса көрсөтүлдү.

Кыргыз тарап чек арада турган жүк ташуучу унаалардын кезек күтүү убактысын, кезектин узундугун жана өлкөнүн экономикалык жоготуулары боюнча конкреттүү сандарды келтирди. Эл аралык валюта фондунун эсептөөсү боюнча экономикалык жоготуулар 200 млн. доллардан ашкан. Бул көрсөткүч Кыргызстандын экономикасынын 0,3 пайызга төмөндөөсүнө алып келет.

Ал эми казак тарап өз кезегинде буга чейин айтылып келген пикирин кайрадан билдирди. Алар Казакстандын чек арадагы жүктү тыкыр текшерип жаткандыгын, себептерин аткезчилик жана контрафакт товарлар менен күрөшүү жана санитардык жана фитосанитариянын талаптарына байланыштырды.

Кыргызстандын делегациясы казак тарап келтирип жаткан аргументтерге Дүйнөлүк соода уюумунун эрежелерин деталдуу көрсөтүү менен жооп берди. Ошондой эле аталган уюумга кирген өлкөлөрдү түзүлгөн кырдаалга адилеттүү баа берүүгө жана Казакстанды соода уюумунун алкагындагы милдетмелерин так аткарууга чакырган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!