​5 жылда 29 млн.тонна жүк ташылды

11-Ноя. 2017, Ишемби, 14:08

5 жыл ичинде жүк ташуунун көлөмү 16,2 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, учурда жүк ташуунун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 4,3 пайызга өскөн, ал эми 5 жылдан бери 16,2 пайызга жогорулаган. Башкача айтканда чакан жана орто бизнестин алкагында акыркы 5 жылда жүк ташуунун көлөмү 29 млн. тоннага жетти.

Ал эми оор жүк ташуунун негизги бөлүгүн жеке тараптар жүргүзүзгөн. Оор жүк ташуу 2015-жылга караганда 4,5 пайызга өскөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!