Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүүгө болот

17-Март 2017, Жума

Кыргызстандын жарандары Казакстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алат. Мындай чечим Жогорку кеңешти 16-марттагы жыйынында кабыл алынды.

Тактап айтканда, 2016-жылдын 17-октябрында Астана шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз өкмөтү менен Казак өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарынын Казакстандын аймагында жана Казакстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүрүү тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорун кабыл алышты.

Аталган документке ылайык Кыргызстандын жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрүүгө укук алат. Ошондой эле миграциялык карта жокко чыгарылат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!