100 жылда бир жолу гана май куюлчу унаа!

19-Апр. 2017, Шаршемби

Коннектикуттук “Laser Power Systems” (LPS) компаниясы жаңы кыймылдаткычка ээ бышык материалдарды колдонуу менен торий системасын иштеп чыгышууда.

Ал өтө тыгыз болгондуктан, торий өзгөчө жылуулук көлөмүн өндүрө алат. Азыркы учурда компания материалдын майда бөлүкчөлөрунөн тажрыйба жургүзүүдө. Анда ал лазер нурларын пайда кылып анын жардамы менен суу ысытып жана андан пайда болгон буу мини-турбинаны айлантат.

Учурдагы үлгү боюнча торий кыймылдаткычы 200 кг салмакты түзүп жана унаалардын капотуна ылайык келет.Ал эми эксперттердин пикирине таянсак, 28 миң литр бензинге караганда бир грамм торий көп энергия камтыйт. Ал эми 8 грамм торий жөнөкөй унаа үчүн бир кылым кызмат кылат.

Роберта Харгрейвстин ою боюнча «Энергия булактары төмөн же нөлдүк “CO2” бөлүп чыгаруу көмүргө караганда арзаныраак болушу керек же болбосо алардын отунду алмаштыруу, аракети ишке ашпай калат». Мисалы, АКШ боюнча дүйнөдөгү энергетиканын 20 пайызын керектейт. Эгерде алардын керектөөсүн CO2 нөлгө чейин төмөндөтсө да, калган башка өлкөлөрдө өндүрүлгөн 80 пайызы, көйгөй бойдон калат.

“Көмүр кычкыл газын бөлүп чыгаруу бардык чектен ашкандыктан, бизге тез арада маанилүү идеялар керек”,- дейт Харгрейвст.

Ал эми торий бул учурда дүйнөлүк ядролук энергетикага жооп да болушу мүмкүн. Келтирилген далилдерге карап көрсөк:

Торий 10дон 10 миңге чейин узак өмүр сүрүүчү уулуу заттарды аз өлчөмдө пайда кылат;

Табигый уран изотоп аралашмасынан көбү кадимки ядролук реакторлордун колдонуу үчүн байытууну талап кылат, ал эми торий бир гана таза изотоптун берет;

Торий ядролук реакциянын чынжырын атайы жабдылган кондициясыз колдой албайт, өзгөчө шартта реактордон аны ажыратуу зарыл болсо, ал дароо токтотулат;

Харгрейвс торий ишканалардын жана башка өнөр жай маселелеринде да иш алып барууга мүмкүн экенин да божомолдойт. Жакын арада биз аны өз көзүбүз менен көрө алабыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!