Кыргызстанда 1-майдан тарта биометрикалык паспорт берүү өнөктүгү башталды. Борбор Азия өлкөлөрү арасынан биринчилерден болуп ишке ашып жаткан электрондук паспорт алуунун жол-жоболору тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы түшүндүрмө берди.
Кыргызстанда биометрика түшүнүгү 2015-жылдагы парламенттик шайлоого барып такалат. Демилгечилер шайлоодон шаабайы сууган элдин шайлоого болгон ишенимин кайтаруу, добуш берүүнүн ачыктыгын камсыздоо, электрондук башкарууга өтүү максатында башка өлкөлөрдө практика болуп келген биометриканы киргизүү зарылдыгын белгилеп, бул жараян баскыч баскычы менен жүзөгө ашып олтуруп, ушул жылдын 1-майынан тарта жарандар колдоруна жаңы муундагы паспортту ала баштады.
Биометрика: бюрократияга бөгөт
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары Дастан Догоевдин билдиришинче, биометрикалык паспорттун берилиши менен жарандар мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө пайдалануусуна шарт түзүлөт. Жыл сайын 2 миллионго жакын жаран ар кандай мамлекеттик кызматтарды колдонот. Биометрикалык паспорт мамлекеттик тейлөөнү ыкчам, бюрократиясыз, коррупциясыз көрсөтүүгө жол ачат.
“Биометрикалык паспорт биринчи кезекте электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасын жакшыртууга багытталган. Медициналык карта, айдоочулук күбөлүгүн да ошонун негизинде текшерүүгө болот”,-деди Догоев.
Биометрикалык паспортту кандай негизде алууга болот?
Кыргызстандын жараны биометрикалык паспорт алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна жана республика аймактарындагы бардык паспорт-виза жана каттоо бөлүмдөрүнө кайрылуусу зарыл.
Идентификациялык карта Кыргызстандын бардык жарандарына 16 жашка чыкканда, белгиленген форма боюнча арыз берилгенде он жыл колдонуу мөөнөтү менен, ал эми 60 жаштан тартып мөөнөтсүз берилет.
Жарандар үчүн eID-картаны (электрондук карта) баштапкы тариздөө жана берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү (ID-карта) жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун алмаштыруу 2017-жылдын 1-майынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына чейин акысыз жүргүзүлөт.
Биометрикалык паспорттун өзгөчөлүгү
Мамлекеттик каттоо кызматынын ишендиришинче, калкка биометрикалык, тактап айтканда электрондук ID-карта берүү аркылуу адамдык ресурстун катышуусуз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү мүмүкүнчүлүгү түзүлөт. Азыркы паспортту колдонгон жарандардын үй-бүлөлүк абалы, жашаган жери өзгөрсө, паспортту алмаштырууга туура келчү. Биометрикалык паспорт алганда мындай учурларда болгону электрондук чиптеги маалымат өзгөрөт. Жаңы паспортто 12ден ашык коргоо элементтери бар.
Электрондук ID-картада жарандын жашаган жери, үй-бүлөсү жана улуту боюнча маалымат картадагы орнотулган чипте сакталат.
Көрүүгө мүмкүн болгон ID-картанын бетиндеги аты-жөнү, атасынын аты, теги жана жарандыгы боюнча маалымат үч тилде (мамлекеттик, расмий жана англис тилинде) толтурулат. Ошондой эле жарандын туулган күнү, жери, паспорт берген орган, колдонуу мөөнөтү, жарандын ЖИНи, (жеке идентификациялык номери) сериясы, штрих коду да ID-картанын көрүүгө мүмкүн болгон бетинде, калган маалыматтардын бардыгы орнотулган чипте сакталат.
Жаңы паспорт мурдагылардан микро чиптин болушу менен айырмаланат. Чипте биометрикалык маалымат (бармак издери), айдоочулук күбөлүк, пенсия китепче, банк эсеби, медициналык китепче, үй-бүлөлүк абалы жана кайсыл жерде жашаганы тууралуу маалыматтар электрондук түрдө сакталат. Каалоочулар өзүнүн улутун дагы коштуруп алса болот. Көзү азиз жарандар үчүн атайын Брайль шрифти бар.
Жаңы паспорт көгүш түстө болуп, негизги бетине Кыргызстандын картасы түшүрүлөт, экинчи бетинде ак кар баскан тоолордун элеси түшүрүлөт.
Эксперттер биометрикалык паспорттун терс жагы катары биометрикалык технологияларды колдонуу - адамдын эркиндигин чектөөгө алып келип, алардын үстүнөн көзөмөлдөө механизми жараларын айтып келишет.
Биометрикалык паспорт тууралуу билесизби?
Сырткы көрүнүшү боюнча кадимки эле паспортко окшош болгон биометрикалык паспорттун айырмачылыгы - ага документ ээсинин сүрөтү, жеке маалыматтары: аты-жөнү, туулган датасы, паспортту алган жана мөөнөтү бүтө турган күнү, паспорттун номери жана башка ар кандай кошумча маалыматтар камтылган атайын микросхема орнотулат. Дүйнөлүк стандарт боюнча микросхемада көздүн кубулмалуу челинин сүрөтү же бармак издери сыяктуу атайын биометрикалык маалыматтар камтылышы керек. Артыкчылыгы – паспорт менен жумуш бүтүрүү процесстеринде кезек күтүү узакка созулбайт. Себеби андагы маалыматтарды атайын аппараттын жардамы менен автоматтык түрдө көчүрүп алууга болот. Ошондой эле өздүк маалыматтарды (мисалы, бойдоктор турмуш кургандыгы же жарандын жер которгондугу тууралуу жана башка маалыматтарды) киргизип же өзгөртүүгө мүмкүн.
Биометрикалык паспортту алгачкылардан болуп АКШ 2006-жылы колдоно баштаган. Ага 2001-жылдын 11-сентябрында Америкадагы дүйнөлүк соода борборлорунун террористтер тарабынан жардырылуусу себеп болгон.