Климаттык шарты катаал, жылдын жарымында кыш мезгили өкүм сүрүп турган бул өрөөндө жашылча эмес, башка өсүмдүктү өстүрүү оңой эмес.
Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынын 65 жаштагы тургуну Шарабидин Машипаров райондо жалгыз өзү күнөскана иштетип, өстүргөн помидору менен элди камсыздап келет.
Аянты бир сотыхка жетпеген жерден жылына эки ирет түшүм алып, орто эсеп менен 500 килограммдан помидор терет.
“2015-жылдан бери иштетип жатам. Бир күнөсканада помидор менен бадыраңды чогуу өстүргөнгө болбогондуктан, учурда экинчи күнөскананын курулушу жүрүп жатат. Ал жерге бадыраң өстүрүүнү ниет кылып жатам. Биринчи эккенде 500 килограмм түшүм алдым. Экинчисин, кыш мезгилинде өстүрүүгө туура келгендиктен, көлөмү азыраак болду. Январь-февраль айлары алган түшүмүмдү саттым”,-деди ал.
Райондо шамал тынымсыз, басымы күчтүү болуп тургандыктан кленка күнөскана туруштук бере албайт
Карыя ишкердин иштеткен күнөсканасы салттуу күнөсканалар сыяктуу кленка менен жабдылган эмес. Үч тарабы ылай дубал менен тосулуп, күңгөй жагы таш дубалдан тикеленген.
“Дубал теплица кленкага караганда жылуураак болот. Быйыл кыш катуу болуп, 28 градуска чейин суук болуп турду. Мешке от жакпай, анда-санда электр плитасын жагуу менен кыштан чыгып кеттик. Биздин райондо шамалдын басымы күчтүү болгондуктан, кленка менен тосулган күнөскана климатка туруктуш бере албайт. Үстү гана желим менен жабылган”,-деди Маширапов.
Багбан карыя жашаган аймак мал бакканга ыңгайлуу болгондуктан, жалаң эле органикалык жер семирткичтерди колдонорун кошумчалады.
“Биринчи түшүмдүн көчөтүн сатып алсам, экинчиси үчүн көчөттү өзүм өстүрүп даярдап алам. Биринчи түшүмдүн көчөтүн февраль айынын орто чендеринде эккем. Май айында тушүм алдык. Июль-август айларынд жерди эс алдырып, октябрь айында экинчи түшүмдү алуу үчүн көчөттөрдү тигип, февраль айында экинчи түшүмду алдым”,-деп кошумчалады.
Кара-Тейит айылы коңшу Тажикстан республикасы менен чектешип турат. Деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашып, жергиликтүү эл негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.
Помидор бышар менен үйдөн алып кетишет. Базарга дээрлик алып чыкпайм - дейт багбан