БШК: жеке каналдар үгүт иштерине катышат

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) буга чейин айрым маалымат каражаттарында жарыяланган «жеке теленканалдарга президенттик шайлоонун алдындагы үгүт иштерине катышуу укугу берилбеди» деген билдирүүнү төгүнгө чыгарды.

БШКнын маалымат кызматы билдиргендей, учурда күздө боло турган президенттик шайлоону өткөрүү боюнча даярдык көрүлүп жатат. Ага ылайык, өлкөдөгү бардык мамлекеттик жана жеке телеканалдар шайлоо алдындагы үгүт иштерине бирдей укукта катыша алат.

“Башкы талап кыла турган нерсе – бардык партия жана талапкерлерге бирдей мамиле болуусу. Саясий партияларга жана талапкерлерге эфир убактысын берген теле радио уюмдар жеке менчик формасына карабай башка талапкерлерге, саясий партияларга бирдей шарттарды (бирдей баалар, эфирге чыгуу убактысы, убакыт көлөмү жана башка) сунуштоого милдеттүү”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!