Кыргызстан "кара тизмеден" чыгуу үчүн карызын төлөдү

19-Апр. 2017, Шаршемби

Жогорку Кеңештин транспорт жана коммуникация комитетинде биринчи вице премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жарандык авиацияны өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Биринчи вице премьер-министрдин айтымында, Кыргызстанда аба линиясы аркылуу 36 каттам бар. Алардын 32си эл аралык болсо, калган төртөөсү – ички каттамдар.

“Биз 2020-жылга чейин жарандык авиациянын жогорку деңгээлдеги коопсуздугун камсыз кылууну пландап жатабыз. Өкмөт авиакомпаниянын "кара тизмесинен" чыгуу үчүн бардык карызын төлөдү. Ошондой эле аэронавагациянын талабы боюнча “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл” аэропортторундагы метео жабдуулар модернизацияланды”,-деди Абулгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!