“Торугарт” өткөрүү пункту ачылды

20-Апр. 2017, Бейшемби

Кыргыз-Кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пункту ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытай тарап өз аймагындагы жолду оңдоп бүтүп, кыргыз чек арачылары аталган көзөмөл пункту аркылуу унааларды өткөрө баштады.

Эскерте кетсек, Кытай тараптын демилгеси менен селден кийин калыбына келтирүү иштерине байланыштуу 18-апрелде кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт” унаа жолундагы өткөрмө жайы убактылуу ишин токтоткон

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!