Баткенде сел жүрүп, 4 унааны агып кетти

26-Май 2017, Жума

Катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баткен районунда сел жүрүп, төрт жеңил унааны агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Актатыр айыл аймагында кечээ, 25-май күнү саат 17:00 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Актатыр айылында 3 турак үйдүн ичине жана 19 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. Андан сырткары 200 метр ички чарбалык жолду кум-шагылга толтурган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 282-чакырымында суу агып өтүүчү сайда бараткан 3 жеңил унааны сел агызып кеткен.

Андан сырткары Самаркандек айылында 3 турак үйгө сел суулары кирген. 1 курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн короосуна сел суулары кирип, ичиндеги тактайларды жана дүкөндүн алдында турган 1 жеңил унааны агызып кеткен. 1 электр мамысынын астын сел суусу жууп, кыйшайтып калган.

Алдын ала жабыркагандар жок.

“Сел жүргөн айылдарга ӨКМнин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы башчылыгында түзүлгөн ыкчам топ жана айыл аймактык Жарандык коргонуу комиссиясы аталган аймакка барышкан. Жеринде текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү уланууда”,- деп айтылат билдирүүдө.




Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!