“Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылган акчалар мамлекеттик бюджеттин эмес, соодагерлердин акчасы. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финансы полициясы) жетекчиси Бакир Таиров парламенттин жыйынында билдирди.
Ал 2011-2017-жылдар аралыгында которулган акчалардын банктык документтердин көтөрүп чыкканда, иликтөөдө айтылган акчалар соодагерлерге тиешелүү болуп чыкканы айтты.
“Биз банктык документтерди көтөрүп чыкканда 932 млн 726 миң 356 доллар чыккан. Менде банктардын расмий документтери бар, эч кандай бюджеттин акчасы жок. Бул жерде соодагерлердин товар жүгүрткөн акчалары. Ар бир которулган сандарды биз банктандан алып көрдүк. Товарлар үчүн, кездеме үчүн, курулуш материалдары үчүн деп ар бир которгон акча контрактын негизинде которулган”, – деди Таиров.
Таиров 2011-2017-жылдар аралыгында 17 банктан сыртка которулган акчанын суммасы 932 млн 726 миң 356 долларды түзө турганын кошумчалады.
22-ноябрда “Азаттык” радиосу “Бажыдагы миллиондор: калкалоо жана карактоо" аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бажыдагы товар өткөрүүнүн көмүскө схемалары, миллиондогон акчаларды адалдоонун жолдору тууралуу сөз болот.