Бакай-Аталык тургун өз үйүн өрттөдү

31-Июль 2017, Дүйшөмбү

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылынын тургуну өзүнүн үйүн өрттөп жиберди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үй ээси С.С үйүнө өрт койгон учурда мас абалында болчу. Ал мындай кадамга мастыгы менен барган. Атайылап өрт коюунун кесепетинен жалпы аянты 32 чарчы метр болгон эки бөлмөлүү там ичиндеги буюмдары менен кошо күйгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!