Үй-бүлөлүк талаштар медиация аркылуу чечилет

2-Авг. 2017, Шаршемби

Үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды, келишпестиктерди медиатордун жардамы менен жөнгө салууга жол ачкан мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев кол койду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, «Медиация жөнүндө” мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 22-июнунда кабыл алынган.

Аталган расмий документ укуктук талаштарды жөнгө салуу, жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөктөшүү боюнча медиацияны колдонуу максатында иштелип чыккан.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, талашкан тараптар өз ара мунасага медиатордун көмөктөшүүсү аркылуу келе алат. Мыйзам жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгек мамилелери аркылуу чыккан талаштарга карата медитацияны колдонууга байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Ошондой эле медиацияны сотко кайрылганга чейин дагы, андан кийин дагы жүргүзүүгө жол берет. Ошол эле учурда тараптар талашты чечүү үчүн сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырабайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөн соң күчүнө кирет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!