Аскер авиациясы жакында эки учактуу болот

2-Авг. 2017, Шаршемби

Кыргызстандын аскердик авиациясынын катары Ан-26 үлгүсүндөгү эки аскер учагы менен толукталат. Бул тууралуу өлкөнүн Генералдык штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Транспорт тапшыруу аземи 10-августта Россиянын Канттагы авиабазасында өтөт. Учактар Россия убада кылган 1 миллиард долларга бааланган аскердик-техникалык жардамдын алкагында берилүүдө. Бирок, Генералдык штабдан аба транспортторунун наркын маалымдашкан жок.

Ал эми буга чейин Россия Кыргызстанга бронетанк техникаларын, артиллериялык системаларды жана ок-дарыларды жөнөткөн.

Эскерте кетсек, «Ан-26» Советтер Cоюзу мезгилинен бери келе жаткан учак. Ал жүк ташууга ыңгайлуу аскердик-техникалык учак болуп эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!