Өкмөт кайрылмандарга жакшы шарт түзөт

2-Авг. 2017, Шаршемби

Кыргыз өкмөтү башка өлкөлөрдөн тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын көнүп кетиши үчүн болгон аракетин жумшайт.

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков этникалык кыргыздардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Өкмөт башчы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери 60 миңден ашык кыргыздар өз мекенине кайтып келген болсо, алардын 45 миңден ашыгы кыргыз жарандыгын алышканын маалымдады.

Премьер-министр Жээнбеков жаңы келген кезде кайрылмандар өлкөсүнө көнүп кетүү, турак жай, социалдык жана медициналык жардамдар аны менен бирге жумушка орношуу сыяктуу мамлекеттик колдоолорго муктаж болушарын белгиледи.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилерине кайрылмандар менен тыгыз байланышып, аларга укуктук жактан колдоо көрсөтүп, көнүп кетүү учурунда келип чыккан маселелерин чечүүгө жардам берүү керектигине басым жасады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!