Бишкекте “Китеп менен эс ал” акциясы болот

1-Авг. 2017, Шейшемби

Ордо калаанын Кара жыгач сейил багында 7-18-августка чейин саат 14:00дөн 16:00гө чейин “Китеп менен эс ал” акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Иш-чара Борбордук китепкана менен биргеликте уюштурулууда. Акциянын алкагында оюндар, мастер-класстар, кызыктуу таймаштар жана китеп көргөзмөсүн уюштуруу пландалган.

Бардык катышуучуларга эстеликке белектер берилет. Мэрия шаар тургундарын аталган иш-чарага катышууга чакырат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!