Каримова Карыпбековго ыраазычылыгын билдирди

18-Авг. 2017, Жума

Белгилүү ырчы Самара Каримова соцтүйүндөгү баракчасына КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбековго ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүдөй пикирин калтырды.

«Илим Майрамбекович чоң рахмат сизге!!! Сизге бекем ден-соолук , ийгилик каалаймын!!! Жакшы каалоо тилектерди жазган асыл агалар, жароокер эжелерим чоң рахмат сиздерге. Мен дагы сиздерге, дүйнөдөгү эң жакшы нерселерди каалаймын!!! Жашообузда жакшы күндөр көп болсун!!!»,-деди Самара Каримова.

Белгилей кетсек, кечээ, 17-августта Zaman.kg маалымат агенттигине Илим Карыпбековдун ырчы тууралуу пикири жарыяланган эле. Анда Каримованын кызматка дайындалаары менен эл арасында талкууга алынышы, чыгармачылыгы туурасында пикири жарыяланган. Көп өтпөй соцтармактын кызуу талкуусуна алынып, ар кандай билдирүүлөрдү калтырышкан

И.Карыпбековдун С.Каримова тууралуу пикирин ушул шилтеме аркылуу окусаңыздар болот: https://zaman.kg/janylyktar/4214/-Самара-Каримова-жөнүндө-бир-сөз-)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!