Жакында эле үйлөрдүн короосуна көрк берген кыргыз оймолуу «Таш шырдак» деп аталган брусчаткалар пайда боло баштады. Аны жеке ишкер Абылкасым Бегалиев ойлоп таап, иш жүзүнө ашырган. Каарманыбыз менен маектешкенибизде оймолуу брусчаткаларды эл алдына алып чыгуу оңойго турбаганын айтат.
Жеке ишкер оймолуу брусчаткаларды чыгаруу идеясы кандайча жаралганы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
“Таш шырдак» деген аталыштагы брусчатканы чыгаруу идеясы өткөн жылдын январь айларында пайда болду. Алгач жасалуу технологиясын ар кимден көрүп отуруп, интернеттен окуп, бетондун курамын изилдеп андан соң чыгара баштадым. Ал эми сүрөтүн жасоодо кыргыз оймолорун брусчаткага түшүрдүк. Буга чейин көп ишкерлер мындай брусчатканы чыгаруу үчүн аракет кылып көрүшүптүр. Бирок, чыгаруу кыйынга тургандыктан эч ким жасап чыгарбаптыр. Мен ага карабай болгон аракетимди жумшап, чыгардым. Азыр дүйнө жүзү боюнча оймолуу брусчатканы чыгаргандар жок. Бул эмгегим менен Кыргызпатенттен автордук укук беришкен. Аны 8 ай дегенде алдым”,-деди ал.
Бегалиев азыр көпчүлүк жарандардын патриоттуулук сезими козголуп, үйлөрүнүн короолорун кыргыз оймолуу брусчаткалар менен кооздоп жатышканын айтат.
«Учурда мындай брусчаткалар Жалал-Абадда жана Бишкекте гана жасалат. Аны чыгарууга жалпы 14 адам жумуш менен камсыз болду. Орнотуу боюнча усталарыбыз дагы бар. Азыр суроо-талап жакшы, бирок бир гана кыргыздар сатып алышууда. Анын арасында акчасы бары жана патриоттуулук сезими барлар алгандар көп. Баасы бир чарчы метри 650 сомду түзөт»,-дейт Бегалиев.
Ишкер, оймолуу брусчаткалар менен Кыргызстандын көрүнүктүү жерлерине жок дегенде “Ала-Тоо“ аянтын көрктөндүрсө, чет өлкөлүк туристтер үчүн кызыктуу болоорун белгилейт.
“Өзүбүздүн нукуру кыргыздын таш шырдагын Кыргызстандын көрүнүктүү, тарыхый жерлерине мисалы Таластагы Манас атабыздын күмбөзүнө, Бишкектин “Ала-Тоо” аянтына, Ысык-Көлдүн эл көп барган пансионаттарына кооздосок эмнеге болбосун. Жок дегенде борбордук “Ала-Тоо” аянтын, көрүнүктүү бир көчөсүн шырдактар менен кооздоп, көрк берсек өзүбүзгө деле, чет өлкөлүк туристтер үчүн дагы кызыктуу болмок. Алар көрүп кыргызды кыргыз экенин оймолуу брусчатка аркылуу билип, кызыгып, кыргыздын колунан дагы ушундай эмгектер келет экен деп таңданып, суктанып жакшы пикирде калышмак. Албетте бул чоңдор тараптан колдоого алынчу маселе. Мындан тышкары шаарда өскөн балдар киргиз болбой кыргыз болуп ата бабалар ушундай оюларды колдонгон экен деген патриоттук сезими ойгонот беле? Анткени оймо кыргыздын көп тарыхын камтыйт. Мында саймалуу ташта түшүрүлгөн сүрөттөрдөн тартып, кыргыздын уруусу тууралуу маани жатат”,-дейт Абылкасым Бегалиев.