27 жаштагы Чолпондун бир тууган иниси жана төрт уулунан башка караан тутары жок. Турмуш аны бир жолку сыноосу менен эле чектебей, жаш кезинен эле үстөкө-босток кыйынчылыктарды башынан кечирген. Секелек кезинде ата-энеси кайтыш болгондон көп өтпөй эки сиңдисин тирүүлөй жоготуп, аларды издеген бир жан болбогондуктан, ошол боюнча кабарсыз кетиптир. Жакын туугандарынын колунда жүрүп, 16 жашында турмушка чыккан. Бирок турмушу да оңдуу болбой, жолдошу менен ажырашып кеткен. Учурда чиедей төрт баласы менен батирде күн кечирип келет.
Каарманыбыз башынан өткөн күндөрүн бирде улутунуп, бирде көз жашын жоолугунун четине аарчып, эселек кезинен эне болгонго чейинки тагдырын айтып берди.
“2005-жылы шаарга келгенбиз. Беш бир тууган болчубуз. Атам дагы, апам дагы 2005-жылы каза болуп калышты. Эки сиңдим "Дордой" базарында кагаз куту терип жүрүп жоголуп кетишти. Инимдин айтуусунда кимдир-бирөөлөр иним менен сиңдилеримди алып кетишип, сиңдилеримди алып калып, инимди жасанта кийинтип кое беришиптир. Ошол убактан бери эки сиңдимдин дайыны жок. Бизди сураган бирөө жарым болбогондон кийин эч ким деле издебеди. Эң улуусу болом. Менден кийинки сиңдим өз алдынча турмуш күтүп жашап жатат. Иним экөөбүз төрт балам менен батирде турабыз.
Атам-энем каза болгондон кийин тайкемдин колунда калдык. Алар мени 16 жашымда турмушка берген. Эки балалуу болгонго чейин жакшы эле жашап жүрдүк. Убакыттын өтүшү менен мамилебиз келишпей, күйөөм көп мага кол көтөрчү болду. Анын үстүнө көп ичип кетти. Төртүнчү уулум боюмда эки айлык кезинде ажырашып кеттик.
Мен үчүн кара жанды багуунун айласын табуу, чиедей балдардын түйшүгүн жалгыз көтөрүү оор болду. Ичимдеги баламды шаардагы ооруканалардын биринде төрөп, чыгар күнү акчам жок эч кимге көрүнбөй качып чыккам. Ал убакта башка батирде турчубуз. Ал жактагы бир эжеден 20 миң сомдук азык-түлүк алганбыз. Балдарымдын улуусу тогуз жашта, экинчиси жети жашта болсо, ортончусу төрт жашка эми чыгат, кенжеси тогуз айлык болуп калды.
Кенже уулум учурда тогуз айлык болуп калды. Ал карызымды бере албай жүрөм. Боюмда бар кезден баштап төрөгөнгө чейин азык-түлүк алып жегенбиз. Инимдин дагы, менин дагы материкаларым күрөөдө. Карызым 50 миңге жакындап калды.
Иним ар кайсы жумуштарга жалданып иштеп, күнүнө 200-300 сомдон акча таап келет. Таштанды төгүлгөн жерде иштейт, көбүнчө түндөсү барат.
Батир акысы үчүн айына 3500 сомдон төлөйбүз. Коммуналдык кызматтарды кошкондо төрт миң болуп кетет. Өткөн эки айдын батир акысын бере албай жатабыз. Ага кошумча электр жарыгыбызды да көп убакыттан бери төлөнө элек үчүн кыркып кетишти эле, үй кожоюну гумандуу киши экен, биздин абалыбызды аларга түшүндүрүп, кайра улатып берди. Эми анын деле чыдамы кетти окшойт. Батирди бошоткула деп жатат. Кайда барарымды билбей, башым катып турат.
Апамдын бир тууган сиңдиси менен агасы бар. Алар өздөрү менен өздөрү. Биздин абалыбызды дегеле сурабайт. Кичинекейибизде тайкемдер бизди кордоп, кагаз куту тердиртип, оор жумуштарда иштечүбүз. Эми гана бой жетип келе жатканда турмушка берип салышты. Атамдын туугандары менен катташпайбыз. Кордук көрсөткөндөн кийин көңүлүбүз деле сууп, катташкыбыз келбей калган. Азыр алар кайда, биз каякта, билбейм.
Эми санаага батканым – кыштан чыгуу. Кыштан кантип чыгабыз деген суроо жүрөгүмдү өйүп келет”
P.S: Жакындарынын да, мамлекеттин да камкордугунан окчун калган Чолпондун учурдагы турмуштук жагдайы тууралуу тиешелүү министрлик, кайрымдуулук фонддоруна коңгуроо кактык. Тиешелүү тарап кандай реакция жасап, чара көргөндүгу тууралуу дагы маалымдайбыз.