“Достук” бекетинин ачылышын миңдеген адам күтүүдө

6-Сен. 2017, Шаршемби

Бүгүн, 6-сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети расмий түрдө ачылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган өткөрмө бекет жергиликтүү саат 18:00 чамаларында ачылат. Учурда ачылышка эки тараптан жалпы 1 миңден ашуун эл чогулуп турушат. Бул салтанатты майрамдоо үчүн ырчылар чакырылып, элге шаңдуу маанай тартуулап жатышат.

Белгилей кетсек, Ош облусу менен Анжиян облусунун ортосундагы мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан “Достук” өткөрмө бекети 2010-жылдагы окуялардан кийин жабылган. Буга чейин бул көзөмөл пункттан тойго же каза болгон жакынын акыркы сапарга узатууга бара жаткан жарандардан телеграмма талап кылынып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!