Жер титирөөдө алты адам көз жумду

8-Сен. 2017, Жума, 15:30

Мексикада күчү 8 баллга жеткен жер титирөөдөн алты адам көз жумганын маалымат каражаттары кабарлады.

“Milenio TV” телеканалы Чьяпас штатынын губернатору Мануэль Веласкестин айткандарына таянып, аталган аймакта үч адам көз жумганын кабарлаган. “Universal” басылмасынын маалыматына караганда Оахака штатында бир аял өмүр менен кош айтышкан. “Excelsior” басылмасы Табаско штатынын губернатору Артуро Нуньесанын айткандарына таянып, эки бала, “Prensa Libre” гезити Гватемаледеги Такана шаарында бирөө көз жумганын кабарлаган.

Күчү 8 баллга жеткен жир титирөө Москва убактысы боюнча 07.49да болгон. Очогу эл жашаган Трес-Пикос пунктунун 119 чакырым түштүк-батышында экени белгилүү болгон. Тынч океандагы борбор суу ташкыны, кыйроого учуратуучу толкундар болорун эскерткен.

Сейсмологдордун маалыматына караганда бийиктиги 30 сантиметрден бир метрге чейинки цунамилер Тынч океанга жакынкы бардык аймактарда күтүлөөрүн маалымдаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!