Маршрутка менен жеңил унаа кагышты

7-Сен. 2017, Бейшемби

Бүгүн, 7-сентябрда саат 14:30 чамасында Бишкек шаарындагы Киев көчөсү менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде унаа кырсыгы катталды. Бул тууралуу кырсыктын күбөлөрү билдиришти.

Унаа кырсыгында №199 каттамдагы кичи автобус менен "Honda Fit" үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кырсык эки көчөнүн кесилишинде болгондуктан унааларга ыңгайсыздык жаратууда. Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматкерлери бара элек.

Бактыга жараша жабыркагандар жок. Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!