Өкмөт Liglassтан баш тартууга аргасыз болду

19-Сен. 2017, Шейшемби, 10:10

Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Trading компаниясы менен түзүлгөн келишимди аткаруудан бир тараптуу баш тартты.

Мындай чечимди кечээ, 18-сентябрда кечке жуук премьер-министр Сапар Исаков кабыл алганы маалым болду.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, аткаруу бийлигинин мындай кадамга баруусуна аталган чет өлкөлүк компания бере турган 37 млн. доллар каражатты белгиленген мөөнөттө бере албагандыгы себеп болгон.


Маалым болгондой буга чейин чехиялык Liglass Trading компаниясы 37 млн. долларды төлөө мөөнөтүн узартуу сунушу менен өкмөткө кайрылган. Компаниянын бул өтүнүчүн караган аткаруу бийлиги мыйзам боюнча келишимди узартуунун6 укуктук мүмүнчүлүгү жок экенин билдирген.

Убадаланган 37 млн. доллар бүгүн,19-сентябрда толук берилиши керек болчу. Күн мурун Liglass Trading компаниясынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын уюштуруп, жогоруда аталган каражатты бере албастыгын кыйыткан.

Белгилей кетсек, ушул жылдын август айында Кыргызстан менен чехиялык Liglass Trading компаниясынын ортосунда Жогорку Нарын каскадынын Ак-Булуң жана Нарын ГЭС-1 объектилерин куруу боюнча келишим түзүлгөн. Компания мындан сырткары дагы 10 кичи ГЭСти куруу боюнча тендерди да утуп алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!