Ири көлөмдө баңгизат менен кармалды

31-Янв. 2018, Шаршемби, 14:29

Ири көлөмдө синтетикалык баңгизаттарын чыгарып аны таратып жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 30-январда атайын ири операция өткөрүп, Орто-Сай айылынан кылмыштуу топтун мүчөсү деген шек менен Кыргызстандын жараны кармалган. Анын жанынан 18,92 килограмм спайс табылган.

Кармалгандар баңгизаттарды Кыргызстанда таратып, Казакстанга да сатып жүрүшкөн.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!