Кыргызстанда Салтанат Саматова теле алып баруучу катары белгилүү. Өзгөчө өспүрүмдөр аны коомдук биринчи каналдагы “Акыл ордо” теле берүүсү аркылуу жакшы таанышат. Бир нече жылдан бери шишик илдети менен күрөшүп келе жатканына карабай, бул айым өзүн дайыма шайыр, позитивдүү маанайда алып жүрөт. Мунун сыры эмнеде?
-Ар бир нерсенин башаты болот эмеспи. Сизди ийгиликтерди багынтууга, кыйынчылыкты жеңүүгө жөндөмдүү болгон кайраттуулукка тарбиялаган ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?
- Туура айтасыз, баардыгы үй-бүлөдөн, ата-энеден башталат. Менин атам Орозобек абдан акылдуу, билимдүү жана көрөгөч адам. Атымды Салтанат деп, ошону менен менин келечегимди пландаштырып койгондой болду. Бир туугандарымдын аттары да өзүлөрүнө ылайык болуп, жашоосунда багыт берди.
Кичинемден эле музыкага жакын болуп, сызгычтан скрипка, дивандан пианино кылып, өзүмдү музыкант элестетип ойночумун. Ырдаганды аябай жакшы көрүп, теледен, радиодон берген дээрлик бардык ырларды жатка билчүмүн.
Кочкорго чоң апамдарга бара жатканда, мени радио күйгүзгөндөй "ырда" деп койчу. Мен тынымсыз 3-4 саат бою ырдап барчумун. Музыканы абдан жакшы көргөндүктөн, мени Шубин атындагы музыкалык мектепке скрипкага беришти. Атам эртең менен чачымды чыкыйтып өрүп, скрипкамды гезитке ороп, мектепке алып барчу. Азыр тамашалап калам: "Ата, төрөлгөндө көзүм чоң эле болчу, сиз чачымды аябай тартып өрүп, көзүм жүлжүйүп калган” деп. Андан кийин Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окудум. Менин классташтарым ырчы Актан Исабаев, дирижер Рахатбек Осмоналиев, искусство таануучу Разия Сырдыбаева, аранжировщик Рысбек Усманов, музыка мугалими Гульмира Казакова жана көптөгөн өлкөбүздүн адискөй инсандары менен чогуу окугам. Биздин мектеп ошол кезде азыркы тил менен айтканда эң элиталуу мектеп эле. Чыңгыз Айтматов, Самара Токтакунова, Эстебес Турсуналиев жана көптөгөн ошол кезектеги коомдун каймактарынын балдары бизде окуган.
Атам мени композитор кылам деп ары-бери алып бара берчү, бир жолу апам менен телевидениеге барып, 8-мартка арналган майрамдык концертке өзүмдүн ырымды аткарып тартылгам. Айтор, кичинемден эле музыка, чыгармачылыкка кызыгуум чоң болуп, ошол чөйрөдө болуп калдым. Менин бүгүнкү ийгиликтериме, дөөлөтүмө ата-энемдин тарбиясы, үйрөткөнү, айткан насааты түздөн түз таасир этти демекчимин. Атам Орозобек мага билимин арнап, дүйнө таанытса, апам Жумабүбү аялзатына тиешелүү көп нерселерди, адамгерчиликке, аруулукка, үй-бүлөдөгү карым-катнаштарга үйрөттү. Атам ар дайым: "Энеңдей жар болсоң, бактылуу болосуң, энеңден үйрөн" деп айтып келген.
- Адистигиңиз музыкант болсо, кандайча радиодо, теледе иштеп калдыңыз?
-Орто мектепти аяктагандан кийин Ишенаалы Арабаев атындагы университетте музыка мугалими боюнча кесипке ээ болгом. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин эле кыргыз радиосунда майрамдык программаны окуп бер деген сунуштан улам, келип калдым. Мен окуган программа жетекчиликке жагып, ошол жерде бир жылдай иштеп калдым. Андан кийин Москвадагы “Европа плюс” радиосу келип калып, ал жакта 2002-жылга чейин иштедим. Мен үчүн бул аралыкта абдан жакшы тажрыйба болду. Ушул радио аркылуу элге Салтанат Саматова деген ат менен аздыр-көптүр белгилүү болуп калдым. Кадимки эле карапайым кыргыз кызы орус тилдүү радио журналисттер менен тең ата иштеп калганым мага чоң стимул болду. Аны менен катар кыргызча жаңылык, программаларды алып барып калдым.
- Эл көзүндөгү адамдардын жеке жашоосу бардык учурда коомчулуктун кызыгуусунда эмеспи. Жеке жашооңуз тууралуу айтсаңыз?
-Кадимки эле эл катары жашаган адаммын. Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, бир кызым бар. Уулум 14 жашта болсо, кызым жакында алтыга чыгат. Мени түшүнгөн, сыйлаган, колдогон жолдошум бар. Жан сакчы сыяктуу ар дайым мени коргоп жүрөт, эч качан көрүнбөйт. Кудайга шүгүр, ата-энем, бир туугандарым бар. Биз төрт уул, бир кызбыз. Эрке кызмын. Үй-бүлөбүз баары чогулганда чоң эле айыл сыяктуу бапырап жатып калабыз. Жеке дагы, карьералык дагы жашоону бирдей алып жүргөнүм үчүн Кудайга миң мертебе ыраазычылык билдирем. Өзүмдү бактылуу айым деп айта алам.
- Сиз дайыма өзүңүздү позитивдүү алып жүрөсүз. Жаш дагы көрүнөсүз. Мунун сыры эмнеде? Жашоо образыңыз?
-Мен жалкоомун (күлүп) жатып алып телевизор көргөндү жакшы көрөм. Мен жетишкен ийгиликтерди Кудайдын берген белеги деп билем. Көп нерселерге жан талашып, аябай тырышып, күрөшүп жеттим деп айта албайм. Жараткан мага “ме” деп эле колума салып койгондой ырахатты сезем. Албетте ата-энем биринчи багыт берди, таалим-тарбия берди, жол көрсөттү. Ата-энем түзүп берген мүмкүнчүлүктү жакшы пайдаланып жатам го. Ар дайым жакшылыкты ойлогонго аракет кылам. Жакшылыкты ойлогон адамды менимче ар дайым жакшы гана нерселер курчап турат. Пессимист болбой, бирөөгө жамандык каалабайм. Эми тыйын-тыпыр жагынан жардам бере албасам да, бирөөгө пайдам тийип, кеп-кеңеш, жакшы сөз менен жардам бергенге аракет кылам. Айтор, жакшы сөзүмду аянбайм.
- Сиз рак илдети менен күрөшүп келе жатканыңыз тууралуу өзүңүз да айткан жайыңыз бар. Бизде бул ооруну укканда соо адам деле абдан оор кабыл алат. Айтсаңыз, алгач ооруңуз тууралуу айтканда кандай кабыл алдыңыз?
- Алгач укканда кадимки эле оору сыңары кабыл алдым. Ал ооруну деле жеңсе болот деп башынан эле ишендим. Албетте баары – ата-энем, жолдошум чочушту, кайгырышты. Эмне болмок эле дарыланабыз деп алардын көңүлун жубаттым. Кыргызстандан бул ооруну дарылай турган дарыгер таппай жолдошум Түркияга баралы деди. Мен саякатка чыккандай эле маанайда бардым. Эгерде ооруга багынып, чүнчүп калсаң, ал жамандык өзү эле келет. Эгерде ооруну жөн эле сыноо катары кабыл алсаң, сөзсүз түрдө ал ооруну жеңесиң. Эң биринчи ишеним болушу керек. Оорудан коркпош керек, корксоң басып калат. Аны менен күрөшүп, жеңсе болот. Азыр кудайга шүгүр 21-кылым технологиянын өнүккөн кылымы. Албетте, бул оору менен күрөшүү үчүн бир топ эле каражат керектелет. Ошентсе да эң биринчи ишеним болушу керек. Маселен Түркияга барганда мени дарылап жаткан профессор “Салтанат, сен такыр оорулууга окшошпойсуң” деп таң калат. Оорулууга окшошпош керек.
- Бул ооруга кабылган адамдарга кандай кеңеш берер элеңиз?
-Ар кандай маданий иш-чараларда, кечелерде көптөгөн айымдар менин жаныма келип, сонун болуп арыктап калыптырсыз. Диетаңыздын сыры кандай” деп сурашканда аларга “менин диетам рак” деп жооп берсем чоочуп кетишет. Ар бир нерсенин жакшы жагын алуу керек. Оорудан кийин арыктап, сымбаттуу болуп калдым. Бул дагы жакшы нерсе.
Бул оору менен күрөшүп келе жаткан замандаштарыма эч качан чөкпөгүлө, аны жеңээриңерге ишенгиле деп айтаар элем. Ооруну жеңүүгө аракет кылууну турмуш үйрөттү. Эгерде мен сыяктуу ооругандар мага келип акылдашам десе, аларга ар дайым кеп-кеңеш берүүгө, сырдашууга даярмын.
-Ырдап дагы жүрөсүзбү. Ырга мамилеңиз кандай?
- Кичинекей кезимен эле ырдап чоңойдум. Азыр дагы ырдаганды жакшы көрөм. Бирок учурда ден соолугума байланыштуу үнүм дагы өзгөрүп, өпкөмдө оорунун илинчээги болгондуктан, купулга толо тургандай деңгээлде ырдай албайм. Бирок өзүмчө кыңылдап ырдап жүрө берем. Ырда айтылгандай “Жүрөк сырын бирге чечишип, жүрөлүчү жүрөк оорутпай” бири-бирибиздин дилибизди оорутпай жашайлы.