Учур талабына жараша ар бирибиздин колубузда уюлдук телефон бар. Кур дегенде бир жолу өзүбүз кызматын колдонгон компаниянын сурап-билүү борборуна түшүнбөгөн суроо менен кайрылабыз. Ар бир чалынган коңгуроого дайыма сылык сүйлөп, кардардын өтүнүчүн орундаткан улан-кыздардын түйшүктүү жана кызыктуу жумушу менен таанышуу максатында "Билайн" компаниясынын контакт борборуна (call center) баш бактык.
Чоң бөлмөдөгү жымжырттыкты кайрылууларга калтырбай жооп берип жаткан улан-кыздардын назик үнү, байма-бай келген телефондун коңгуроосу бузбаса, бул жерде дайыма жымжырттыктын атмосферасы өкүмү сүрүп турат. Айтмакчы, бул контакт борборго бөлөк-бөтөн адам, ал тургай компания жетекчисинин да кирүүгө укугу жок.
24 саат бою суроо-жооп менен алпурушкан кызматкерлер ар бир келген коңгуроого жооп берип жатышты. Өзүбүз да кесибибизди оператор кызматына бир саамга алмаштырып, кардарлардын кайрылууларын угуп көрдүк.
Бир карасаң жөн олтуруп телефонго жооп берип жаткандай көрүнгөнү менен, ар кайсы суроо менен кайрылган кардардын орундуу дагы, орунсуз дагы суроолоруна кынтыксыз жооп берүү, өтүнүчүн орундатуу оңой эмес экен.
Кулагы трубкадан бошобогон, сылык кайрылган кардарга сүйүнүп, орой сүйлөгөн кишиге сабырдуулук менен жооп берип жаткан кызматкерлердин бири Майрамкан Далибаева менен азын-оолак баарлаштык.
-Майрамкан, айтсаң бул жердеги бир күндүк жумушуң кандай өтөт?
-Биздин жумушубуз белгилүү мөөнөттөгү иш графиктерине бөлүнгөн. Ошол убакытта телефон чалган ар бир кардардын кайрылуу өтүнүчүн угуп, аны орундатабыз. Бир күндө орто эсеп менен 80ден 100гө чейинки кардардын суроосуна жооп берем.
-Кардарлар негизинен кандай маселе менен кайрылышат?
-Кайрылуулардын көпчүлүгүн алдын ала компаниянын кызматын колдонуп карыз акча алып, бирдик жүктөгөндө ошол акчасын алып койгон учур боюнча көп кайрылышат. Мындан сырткары, телефондондон интернет колдонуучулар көп кайрылышат.
-Орунсуз же болбосо кайрылган учурлар да болобу?
-Албетте. Кээ бирлери этикалык эрежелерге туура келбеген сөздөрдү айтышат. Айрымдары “тоодо байланышсыз калдым эле, бирдик жүктөп коюңузчу” деген сыяктуу сөздөр менен алдашат. Айрымдары кыргыз тилинде кайрылып, анан башка тилде сүйлөшүбүздү талап кылат. Айтор кандай гана кайрылуу болбосун баарына сылык-сыпайы, адептүү жооп беребиз. Мейли ал бизди кагып-силкип урушсун, сындасын - биздин милдет бир гана көтөрүңкү маанайда сабырдуу сылык жооп берүү. Адегенде кечиресиз, адептүү сүйлөбөсөңүз же компанияга тиешеси жок кайрылуу болсо сиз менен коштошобуз деп айтабыз. Анын баарын угуп олтурганга убактыбыз жок, башка кардардын өтүнүч-кайрылуусун орундатуу керек.
-Кээде чектен чыккан кардарга катуу айтып жиберген учур болобу?
-Андай болушу мүмкүн эмес. Жогоруда айткандай ар бир кардарга 100 пайыз сылык сүйлөшүбуз керек. Кардар бизди көрбөгөн учурда дагы кандай маанайда сүйлөп жатканыбызды сезет. Бизде бат-баттан эмоционалдык абалды башкаруу тууралуу окутуулар өтүп турат.
-Компанияга кандайча келип калдың?
-Мен кесибим боюнча юристмин. Юридикалык академияны аяктагам. Бул жерге юридикалык бөлүмгө жумушка келип, орун жок болгондугуна байланыштуу контакт борбордо калып калдым. Жумушка алаарда аңгемелешүүдөн өткөндө менин назиктигимди, уяң сүйлөгөнүмө карап жумушка алышканын айтышты. Биз бардык кардарга 100 пайыз сылык-сыпаа жооп берүүгө милдеттүүбүз.