Жолчулар жаңы техникалуу болушту

14-Апр. 2017, Жума

Ош шаарынын мэриясы тарабынан алынган атайын 8 техникалардын ачкычтарын шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык жолдор башкармалыгына берилди.

Калаа башчысы Кадырбаевдин айтымында, өткөн жылдын иш планы боюнча Ош
шаардык жолдор башкармалыгына 8 атайын техникалар сатып алынган.

Алар Россия, Корея, Япония, Швеция, Германиядан чыгарылган.Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов жогорудагы техникаларды иштетүү үчүн тиешелүү адистер жумушка алынып, аларды иштетүүгө даярдоо жана тиешелүү материалдарды сатып алууга жумуштар жүрүп жатканын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!