Бүгүн, 10-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30;
Талас дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +25...+30;
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +25...+30;
Ысык-Көл жергесиндедө түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +18...+23;
Ал эми Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +14…+16 градус, күндүзгү жогорку температурасы +28…+30 градус болот.