11-май: тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн

11-Май 2017, Бейшемби

Бүгүн, 11-майда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Талас жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +22...+27;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16, күндүз +23...+28;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4...+9, күндүз +17...+22;

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +18...+23;

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +13…+15 градус, күндүзгү жогорку температурасы +26…+28 градус болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!