Бүгүн, 12-май-медайымдардын эл аралык күнү. Мындан улам "Zaman.kg" сайты медайымдардын жумушу менен жакындан таанышуу максатында Улуттук госпиталдын кабыл алуу бөлүмүндө болду. Биз барган учурда көп жылдан бери медайым болуп иштеген Майрамбүбү Жумалиева иш үстүндө болгондуктан эмне себептен медайым кесибин тандап алганын, аталган бөлүмгө өтө оор абалда бейтаптар кайрылаарын айтып берди.
Улуттук госпиталдын кабыл алуу бөлүмүнүн ден соолукту чыңдоо жана оорулууларды алдын алуу боюнча медайымы Майрамбүбү Жумалиеванын бул кесипти аркалап келе жатканына 32 жылдын жүзү болгон. Учурда 58 жашта. Жаш кезинде Кыргыз радиосунда дагы иштеген.
“Кыргыз радиосунда бир жыл иштедим”
- Жаш кезимде жан дүйнөм мугалимдик кесипке жакын эле. Ошол эле учурда биздин Чүй обулусундагы Кемин районундагы Тегирменти айылында эжекелеримдин медайым болуп иштегенин көрүп, аларга окшоп медайым болгум келчи. 18 жашымда Кыргыз радиосунда “Жаштардын үнү” уктуруусун алып барып, бир жылдай иштедим. Кийин турмушка чыгып, радиодо иштөөгө мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Аялзатынын үйдөгү түйшүгүн айтпаса дагы түшүнүктүү бала багып, үй жумуштары менен болсом медаайымдын окуусуна тапшыргым келди. Бишкектеги медициналык училищада тапшырып, окууну аяктаган соң кесибим менен Улуттук госпиталда иштеп калдым. Быйыл бул жакта эмгектенгениме туура 32 жыл болду. Төрт балам бар. Бир кыз 3 уулум. Балдарым менин жолумду жолдобосо дагы чыгармачылыкка жакын. Улуу кызым мугалим, андан кийинки уулум аскер тармагында иштейт, ортончу уулум музыка мугалими. Кичүү уулум дагы музыкалык окуу жайын аяктаган.
“Медайым жумушуна так болуш керек”
- “Ар бир кесип ардактуу” дегендей медайым болгонума өзүмдү бактылуумун деп эсептейм. Бул кесипти тандап алып эч нерсемди жоготподум, өзүмө көп нерсени алдым. Боорукерликти, адамга жасаган мамилени. Бейтаптарга кандай мамиле жасасак жашоодогу дагы кайда жүрбөйүн медициналык кеп-кеңештерди айта берем. Медицина тактыкты жакшы көрөт. Медайым жумушуна так болуп, эч нерседен жаңылбашы керек. Ушул нерсени дагы белгилеп кетким келет. Кээ бир медайымдар жумушуна бейтаптарды карап, үйүнө кеч барып калган учурлар болуп, жолдошу менен пикир келишпестиктер орун алган учурлар бар. Биздин жумушта мөөнөт коюлуп, кагаз түрүндө болгону менен жашоодо, иш тажрыйбабызда мөөнөткө, убакытка карабайбыз. Себеби бейтап оор абалда жатса аны таштап кете албайсың да. Бул жакта калып калган күндөрүбүз дагы болот. Кабыл алуу бөлүмүнө өтө оор абалдагы бейтаптар келишет: кан басымы түшүп кеткендер, эсин жоготкондор. Биз алардын эмне болуп оору келгенин билбейбиз ошондо дарыгерлер чогулуп бейтаптын өмүрүн сактап калганга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Алардын аракети менен канчалаган бейтаптар жакшы болуп жатат. Алардын салматтыгы жайында болгонун көрүп, өзүбүз кубанып, кандай жакшы иш кылдык деп сүйүнүп калабыз.
«Бизге оор абалдагы бейтаптар келип түшөт»
- Менин иш тажрыйбамда биздин бөлүмгө оору абалда келген бейтаптар кайрылат. Бир жолу «Тез жардам» кызматынын кызматкерлери көчөдө жатып калган бир жаш баланы алып келишти. Абдан үшүп, тоңуп калыптыр. Денеси кир. Биз аны жуундуруп, тазалап жуунтуп койдук. Ошол учурда мен ал баланы карап отуруп «жаш баланы кайсыл тагдыр ушул абалга келтирди экен, мындай абалга келип калышына эмне түрткү болду. Мунжу балдар деле өз оокатын кылып, жашап жатпайбы» деп өзүмчө бушайман болдум. Ал баланын өмүрү кыска экен, жуунтуп тазалап ак шейшепке ороп койдук. Менде «жок дегенде арткы дүйнөгө кетип бара жатканда жуунуп, тазалынып кетти» деп өзүмчө жеңилдик пайда болду. Бизде ушундай тагдырга туш болгон ар кандай окуялар болуп өтөт. Бир жолу «жолдошунан таяк жеген аялдардын бөлүмү бар экен. Алар кайда жатат?» деп менден бир эже сурап калды. Мен "ошондой бөлүм бар бекен?" десем «билбейбиз ушундай бар экен» дейт. Көрсө ал эже жаак сөөк хирургия бөлүмүн издеп жүргөн экен. Ушундай кызыктуу окуялар болуп турат.
«Дарыгерлердин 70 пайызы таланттуу»
- Радиодо иштегенимдин пайдасы тийди окшойт. Улуттук госпиталда маданий, коомдук иштерине катышып турам. Көптөрү “кесипти жаңылыш тандап алгансыз, андан көрө артист болсоңуз болмок” деп айтып калышат. Бизде мамлекеттик тил күнүнө карата госпиталдын 50гө жакын бөлүмдөрүнүн арасында «Сармерден», жылына «Ден соолук» күнү уюштуруп турабыз. Мында Улуттук госпиталдын дарыгерлер арасында кол күрөш, аркан тартыш, чуркоо жана башка сынактар бар. “Кыргыз эли таланттарга бай” дегендей биздин госпиталдын 70 пайызы таланттуу маданий иш-чарага активдүү катышып турат. Арасында комузда кол ойнотуп, ырга, бийге жакындары көп.