​18-24-ноябрь: аба ырайы кандай болот?

18-Ноя. 2017, Ишемби, 13:03

Кыргызстанда дем алыш күндөрү айрым жерлерде жааган жаан карга айланышы мүмкүн. Бирок, көпчүлүк аймакта күн ачык болот. Ошондой эле келерки апта ичинде абанын температурасы жогорулашы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

18-24-ноябрь күндөрү республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы:

18-ноябрда өлкө боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

19-ноябрда Чүй, Талас өрөөндөрүнүн айрым жерлеринде жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун тооолуу райондорунда жаан-чачын болот, калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Нарын облустарында күн ачык болот.

20-22-ноябрында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

23-24-ноябрда күн ачык болот. Абанын температурасы жогорулайт.

Ал эми Бишкек шаарында бүгүн, 18-ноябрында жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми эртең, 19-ноябрда ала булут каптап турат. Жаан-чачын болуу ыктымалдуулугу аз. Ошондой эле 20-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош шаарында 18-20-ноябрында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!