Бажы кызматы: 10 айдын жыйынтыгы боюнча 4,5 млрд сом чогулбай калган

Бажы кызматы: 10 айдын жыйынтыгы боюнча 4,5 млрд сом чогулбай калган
28-Ноя. 2019, Бейшемби, 12:28

Ушул жылдын 10 айдын жыйынтыгы боюнча 4, 5 млрд сом пландык тапшырмага жетпей калган. Бул тууралуу Бажы кызматынын жетекчиси Алтынбек Торутаев парламенттин жыйынында билдирди.

Ал акча каражатынын көлөмү пландык тапшырмага жетпей калганын мындайча түшүндүрдү.

“Эң биринчи себеби – бул импорт 10 пайызга төмөндөп кетти. Биздин товардык өнөктөш катары эсептелип келген Кытайдан келген жүктөр 12 пайызга төмөндөп кетти. Мына ушул тенденция болгону үчүн пландык аткарылышка чыкпай калдык”, – деди ал.

Депутат Алтынбек Жунус уулу Бажы кызматынын бюджети 50 млн сомго көбөйгөнү менен аткезчиликке бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын натыйжасы начар болуп жатканын айтып, Бажы кызматынын ишмердүүлүгүн сынга алды.

“50 млн сомго ушулардын чыгымын көтөргөндөн кийин эффект да көбүрөөк болушу керек деп өкмөт ишенип бергенден кийин жыйынтыгын көрүп жатасыздар. Аткезчилик-аткезчилик деп эле айтып келатабыз. Таластан, Чалдовардан, жалгыз эле чек ара кызматына ишенип отура бербей, башка кызматтарды да коюп көрсөңүз. Өтө көп аткезчилик болуп жатат”, – деди Жунус уулу.

Бүгүн Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин беш жылдык мыйзам долбоорун карап жатат. Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Сүрөт: Sputnik.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жапаров: Финансы министри болуп иштеп берүүгө дайыма даярмын
Жапаров: Финансы министри болуп иштеп берүүгө дайыма даярмын
Жогорку холестерин кандай ооруларды пайда кылат?
Жогорку холестерин кандай ооруларды пайда кылат?
​31-декабрга чейин ташылып келинген унааларды бажылык тариздөөдөн өткөрө алышат
​31-декабрга чейин ташылып келинген унааларды бажылык тариздөөдөн өткөрө алышат
2019-жылдын эң стилдүү айымдары
2019-жылдын эң стилдүү айымдары
​Хабиб Казакстанды “Экинчи мекеним” деп атады (видео)
​Хабиб Казакстанды “Экинчи мекеним” деп атады (видео)
Жанар Акаев: Абанын булганышын алдын алууда өкмөт кайдыгер болуп жатат
Жанар Акаев: Абанын булганышын алдын алууда өкмөт кайдыгер болуп жатат
31-декабрда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат
31-декабрда Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат
Депутат Маматалиев ЖЭБге сапатсыз көмүр жагылып жатканын айтты
Депутат Маматалиев ЖЭБге сапатсыз көмүр жагылып жатканын айтты
​Конор Макгрегор үйсүз балдарга белек берди
​Конор Макгрегор үйсүз балдарга белек берди
Кара түтүн маселеси: эки депутат мушташып кете жаздады (видео)
Кара түтүн маселеси: эки депутат мушташып кете жаздады (видео)
Кара мурчтун ден соолукка пайдасы
Кара мурчтун ден соолукка пайдасы
Бишкекте мамлекет башчысынын катышуусунда ​президенттик балаты өтүүдө
Бишкекте мамлекет башчысынын катышуусунда ​президенттик балаты өтүүдө
Айрандан жасалган маска
Айрандан жасалган маска
ӨКМга караштуу агентиктин башчысын башка атып кетишти
ӨКМга караштуу агентиктин башчысын башка атып кетишти
​Месси же Роналду? Суперкомпьютер эң мыктысын аныктады
​Месси же Роналду? Суперкомпьютер эң мыктысын аныктады
Айдоочулук күбөлүктөрү эс алуу күндөрү да берилүүдө
Айдоочулук күбөлүктөрү эс алуу күндөрү да берилүүдө