28-ноябрда Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин беш жылдык мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.
Жыйынындын жүрүшүндө депутат Камчыбек Жолдошбаев төрагага кайрылып, талкууга чек киргизүүнү сунуштады.
“Урматтуу, сыйлуу депутаттар! Бир топтору мага келип шыбырашты, "Шаршен Термечиковдой болуп кайра-кайра эле ошону айта беребизби" деп жатышат.50дөй киши сүйлөптүр, дагы 40тай киши бар экен. Мүмкүнчүлүк болсо, депутаттар колдоп берсе, келген өкмөтттүн мүчөлөрү каршы болбосо фракциядан бирден кишини сүйлөтүп, калган 2-3- окууларын карап берсек деген ой түшүп жатат. Урматтуу төрага, добушка коюп койсоңуз, калганын көрөлү, таарынбайт делел болушу керек. Мага 10-15 депутат айтты. "Эмне кылабыз? Бала-бакыра бар, эшик суук" дейт”, – деди Жолдошбаев.
Жогоруда айтлыган мыйзам долбоорлору кабыл алынып жатканда эл өкүлдөрүнүн суроолоруна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү жооп беришти. 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 9 млрд 953 млн сомду же ички дүң өнүмдүн 1,5 пайызын түзөт.