Өкмөт башчы тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр

Өкмөт башчы тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр
3-Дек. 2019, Шейшемби, 16:56

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азырынча «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүнүн алкагында келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө органдарына суракка чакыртма ала элек. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

“Өкмөт башчы башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр жүргүзүүнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан талап кылат. Албетте, Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл болгон шартта тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр”, – деди ал.

Премьер-министр «Азаттыктын» “Бажыдагы миллиондор: калкалоо жана карактоо" аттуу иликтөөсү боюнча өз пикирин парламентте билдирген. Ал иликтөөдө айтылган акчалардын чыгарылып кетиши боюнча президенттин катышуусунда жыйын өткөнүн айтып, экономикадагы көмүскөгө күрөшүү боюнча жарандардын демилгесин колдой тургандыгын белгилеген.

Бүгүн «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча депутат Алтынбек Сулайманов Улуттук ккопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак бергени кирип кетти. УКМК иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөнкул Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырыла турганын билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!